ИИМ атайын операция учурунда бажы кызматынын брокерин кармады (видео)

Башка бирөөнүн паспортун колдонуу менен унааларды мыйзамсыз каттоодон өткөргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 1-мартынан 31-мартына чейинки аралыкта бажылык каттоо жайларынын аймагында белгисиз адамдар жеке пайда алуу жана тиешелүү мамлекеттик төлөмдөрдү төлөөдөн качуу максатында жасалма кол коюу жолу менен ар кандай үлгүдөгү автоунааларды бажылык каттоодон мыйзамсыз түрдө өткөрүшкөн. Корея, Япония жана Германиядан алынып келинген 11 унаанын жалпы баасы 19 миллион сомдон ашык. Ошондой эле каттоо учурунда башка бирөөнүн жеке маалыматтарын, тактап айтканда К.В. аттуу жарандын паспорту колдонулган.

2023-жылдын апрель айында Аламүдүн району боюнча Мамлекеттик салык кызматы К.В. аттуу жаранга текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча салык төлөөчүнүн ишинин көрсөткүчтөрүнүн дал келбестиги аныкталгандыгы жана 618 миң сомдон ашык суммага салык эсептелгендиги жөнүндө билдирүү жөнөткөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 3-бөлүгү (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө белгилүү бир адамдар кылмышты жашыруу максатында жабырлануучуга акча каражатын берүүгө аракет кылгандыгы аныкталган. 21-февралда козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмышка шектүүлөрдү кармоо боюнча ИИМдин атайын операциясы жүргүзүлгөн. К.В. аттуу жабырлануучуга 50 миң сом акча каражатын өткөрүп берүү учурунда, 1983-жылы туулган Г.С. аттуу Бишкектин кармалды. Мындан тышкары кармалган жарандан 861 миң сомдон ашык акча каражаты алынган. Алдын ала маалыматтарга караганда, бул акча салыктарды жашырууга багытталган. Ал түндүк бажы кызматында брокер болуп иштейт.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп, башка ушул сыяктуу кылмыштарды аныктоо иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан