Бүгүн, 22-февралда Бишкекте турак үйдөн өрт чыгып, тилсиз жоо саат 18:39да чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Ленин районуна караштуу Люксембург көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө Биринчи Май райондук №4 ӨКБдан 2, №8 АӨКБдан 1 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган.
Учурда өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.