Бишкекте уурулук фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бишкекте уурулук фактысы боюнча издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Ички иштер министрлигинен маалымдады.

Ага ылайык, мурда бир нече соттолгон Балыкчы шаарынын 1990-жылы туулган тургуну М.А. кармалды.

"Былтыр күзүндө М.А. криминалдык чөйрөгө арналган видео кайрылуу жасагандан кийин ал суракка алынган. Андан соң ал "криминалдык идеяларынан баш тартып, мыйзамдуулукту сактайм" деп башка видео билдирүү жасаган. Ал ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турат", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган адам тергөө органдарына жеткирилип, азыркы тапта тергөө иштери жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан