Көк бөрү боюнча райондор аралык республикалык чемпионатта Талас районунун командасы жеңүүчү болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-февралда Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, финалдык беттеште Талас району Ак-Суу районунун командасы менен беттешип, 5:1 эсебинде жеңишке жетти.
Ал эми үчүнчү орунду Сокулук районунун командасы утуп алды. Аталган команда Сузак районун 9:1 эсеби менен жеңди.
Белгилей кетсек, көк бөрү боюнча райондор аралык республикалык чемпионат 17-февралда башталган. Ага өлкө аймагынан 9 команда катышты.