Сауд Арабиянын "Аль-Иттихад" клубунун франциялык чабуулчусу Карим Бензема Азия чемпиондор лигасынын алкагындагы беттеште автогол киргизди.
"Аль-Иттихад" турнирдин 1/8 финалдык баскычында коңшу өзбекстандык "Навбахор" клубун өз үйүндө кабыл алды. Беттештин 25-мүнөтүндө айып соккудан көтөрүлгөн топту Карим Бензема өз дарбазасына башы менен киргизип алды.
Оюн 2:1 эсебинде "Аль-Иттихад" клубунун жеңиши менен аяктап, команда 1/4 финалга чыкты.
Белгилей кетсек, француз чабуулчусу 15-декабрдан бери атаандаштарына гол киргизе элек.