Футбол боюнча Кыргызстандын учурдагы чемпиону болгон "Абдыш-Ата" футболдук клубу контролдук беттештин алкагында БАЭнин "Дубай Сити" клубу менен кез келди.
Оюн Дубай шаарында кечээ, 22-февралда болуп, анда кыргызстандык команда 4:0 эсебинде жеңишке жетти.
"Абдыш-Атанын" курамынан голдорду Эрбол Абдужапаров (36-мүнөттө), Арлен Шаршенбеков (60), Кайрат Жыргалбек уулу (79) жана Фархат Мусабеков (81) киргизди.
Кийинки контролдук беттешин "Абдыш-Ата" эртең, 24-февралда москвалык "Родина" командасына каршы өөткөрөт.