Кадамжай районунун Кожо-Кайыр айылынын эки жараны мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Алар аңчылык сезонунун бүткөнүнө карабастан Кожо-Кайыр жайлоосунда ок атуучу куралдары менен 14 даана кекиликти атышкан.
Бул факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.