"Бешикташта" тарбияланган 19 жаштагы футболчу улуттук курамга чакырылды

19 жаштагы кыргызстандык Автандил Дүйшеев футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасына чакырылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына өздүк булактардан билдиришти.

Кыргыз футболдук союзу анын клубуна Автандил Дүйшеевди улуттук курамага тандоо боюнча машыгууга чакыруу катын жөнөткөн. Бирок бул футболчу катышат дегенди билдирбейт, анын клубу расмий жоопту бере элек.

19 жаштагы Автандил Дүйшеев Түркиянын белгилүү "Бешикташ" футболдук клубунун тарбиялануучусу. Ал учурда БАЭнин "Аль-Вахда" клубунда ойнойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан