Бүгүн, 23-февралда эртең менен Ысык-Көл облусунун бир катар айылдарында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.
Маалымдалгандай, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында — Бедел айылынан 36 чакырым түштүк-чыгышта, Ыштык айылынан 41 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 137 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 4 балл, Ыштак айылында жана Кумтөр кенинде 3 баллга жеткен.