"Айдоочу 16 жашта болгон". Баткенде үч адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

Бүгүн, 23-февралда Сүлүктүдө жол кырсыгынан 16, 17 жаштагы эки бала жана 21 жаштагы бир жигит каза тапты. Бул тууралуу Баткен облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бакашкармалыгынан билдирди.

Маалыматка ылайык, эртең менен саат 9:00дөр чамасында 16 жаштагы О.А.Т. аттуу өспүрүм Honda Jazz үлгүсүндөгү унаасын айдап чыгып, Раззаков - Арка унаа жолунда рулга ээ боло албай жолдон чыгып кетип, имаратты сүзүп, аңтарылып калган.
Муну кесепетинен айдоочу бала, жүргүнчү катары бараткан 2003-жылы туулган жигит мүрт кеткен. Ичиндеги дагы бир 2007-жылы туулган улан Лейлек райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө алып келингенден кийин үзүлгөнү маалым болду.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан