Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 6-кабаттын терезесинен 22 жаштагы кыз секирип кетип, каза тапты. Бул тууралуу Свердлов РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 23-февралда саат 13:55те билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган райондук милициянын ыкчам-тергөө тобу кыз 2001-жылы туулган М.Г. экенин такташкан.
Бул факты каттоого алынып, текшерүү иштери башталды. Экспертиза дайындалды.
Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.