Бишкекте спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча өлкө чемпиондугу өтүүдө

Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 23-февралда спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун салтанаттуу ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, азем концерттик програма менен коштолуп, спорттун кармашып урушуу, грэпплинг ADCC, бел боо күрөшү, самбо, аскердик кармаш уруш, комбат жиу-житсу, грэпплинг UWW, жиу-житсу жана кунг-фу федерацияларынын өкүлдөрү катышты. Аларга спорттун өнүүгүсүнө зор салым кошкондугу үчүн атайын ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Самбо федерациясы: Азиз Ибраев (федерациянын президенти), Азамат Казакбаев (башкы машыктыруучу), Муратбек Арыстанбеков (вице-президент);

Грэпплинг UWW федерациясы: Сейтек Толтоев (грепплинг федерациясынын башкы катчысы). Акбар Карымшаков (федерация өкүлү);

Грепплинг ADCC: Бексултан Өмүрзаков (федерация президенти);

Кармашып урушуу боюнча федерациясы: Сергей Жуманалиев (федерация президенти);

Бел боо күрөшү боюнча федерациясы; Валерий Фуфачев (федерация президенти);

Аскердик кармаш уруш боюнча федерациясы: Нурлан Байкулов (федерация президенти), Куштар Бакалчиев жана Улукбек Жоошбеков (федерациянын өкүлдөрү);

Жиу-житсу федерациясы: Абдурахман Муртазалиев (федерация президенти), Руслан Сагдеев (федерация өкүлү);

Кунг-фу федерациясы: Юрий Дмитриенко (федерация президенти);

Комбат жиу-житсу федерациясы: Жайыл Жакшылык уулу жана Алмаз Акун (федерациянын өкүлдөрү).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан