Бишкекте жеңил унаа эки өспүрүмдү учура коюп кетти (видео)

Бишкекте көчөлөрүнүн биринен жөө жүгүнчүлөр өтчү жерден эки өспүрүмдү жеңил унаа сүзүп кетти. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы SUPER.KG порталына окуя 22-февралда саат 17:00 чамасында орун алганын билдирди.

Анда 59 жаштагы айдоочу И.С. Тойота Приус үлгүсүндөгү унаасы менен Масалиев көчөсүнөн батышты көздөй баратып, жөө өтмөктөн өтүп бараткан 15 жаштагы К.Н. жана 12 жаштагы И.А. аттуу өспүрүмдөрдү сүзүп алган.

Алар №3 шаардык ооруканага жеткирилген. Ал эми унаа айып короого токтотулду. Жол кырсыгына тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Видео: Akipress агенттиги
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан