Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда эркектер жана кыз-келиндер арасында спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Кыргызстандын чемпиондугу өтүүдө.
Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиргендей, мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 200дөн ашык спортчулар катышууда.
23-февралда башталган мелдеш 25-февраль күнү жыйынтыкталат.