Кыргызстандык мушкерлер Орусияда өткөн эл аралык мелдеште 2 алтын жана 1 коло медаль жеңип алышты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, бокс боюнча жаштар курама командасынын мүчөлөрү Зафарбек Камилов (51 килограмм) менен Мырзакир Кошалиев (+92 килограмм) алтын байге багынтышса, Амантур Жумаев (54 килограмм) коло медалдын ээси болду.
Курама команда башкы машыктыруучу Улан Төлөнбай уулу жана машыктыруучу Азиз Абаскановдун жетекчилиги алдында мелдешке катышты.
Белгилей кетсек, 2006-2007-жылкы өспүрүмдөр арасындагы Эл аралык мелдеш Орусиянын Комсомольск-на-Амуре шаарында 20-февраль күнү башталып 24-февралда жыйынтыкталды.