Баткен облусундагы "Ак-Сарай" соода борборунда ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Такталган маалымат боюнча ири өрт тамактануучу жайдан эмес, "Ак-Сарай" соодо борборунан чыккан.
Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Кулунду айылында жайгашкан 3 кабаттуу соода борборунан чыккан өрт түнкү саат 00:10дө толук өчүрүлдү.
Өрттүн жалпы аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн. Тилсиз жоодон жабыркагандар жок.
Өрттү өчүрүүгө саат 21:10дон тарта жалпы 5 күжүрмөн эсеп тартылып, саат 22:40та чектөөгө алынган.