Жалал-Абадда "үйүңө жеткирем" деген айдоочу келинди зордуктоого аракет кылган (видео)

Жалал-Абадда жөө жүргүнчүнү сүзүүгө жана зордуктоого аракет кылган айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Андагы маалыматка ылайык, 23-февраль күнү саат 01:30 чамасында 1989-жылы туулган жаранды белгисиз жарандар "үйүңө жеткирем" деп унаага салышкан. Бирок унаадан түшкөн учурда аялды айдоочу зордуктоого аракет кылган. Ошондой эле унаадан түшкөндөн кийин аны эки жолу сүзүп, андан ары кетип калган.

"Арыздын негизинде шектүү катары Subaru үлгүсүндөгү унаанын ээсин кармашкан. Азыркы учурда унаасы айып короо жайына токтотулуп, айдоочусу Тергөө кызматына жеткирилип, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат билдирүүдө.

Жалал-Абадда айдоочу кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан