Бир жумада 500гө жакын мас айдоочу кармалды 

Өлкө аймагында 19-февралдан 25-февралга чейин 20 миң 197 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Анын ичинен 448 айдоочу мас абалында унаа айдаганы, 364 киши тийиштүү документтери жок айдаганы, 40 адам автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатканы аныкталды.

Ошондой эле жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар 1173 учур, ал эми эксплуатациялоо эрежелерин бузуу 3138, белгиленген ылдамдыктан ашуу – 2854, авто ээнбаштык – 14, жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – бир учур, башка жол эрежелерин бузуу фактылары –12 миң 179 учур катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан