Өлкө теннисчилери Шри-Ланкада болгон Billy Jean King Cup Junior (16&U) эл аралык турниринде күмүш медалга ээ болушту. Бул тууралуу аталган спорттун кыргыз федарациясы билдирди.
Маалым болгондой, мелдештин финалдык туру 24-февралда Коломбо шаарында болгон. Анда биздин команда Шри-Ланкалык атаандаштары менен беттешип, 0:2 эсебинде утулуп калган.
Ага ылайык, команданын мүчөлөрү Сафина Хабибрахманова, Анель Богданова жана Сезим Сагынбаева турнирдин күмүш медалынын ээси болушкан.