Бүгүн, 26-февралда Кыргызстанда эртең менен эки ирет жердин силкинүүсү сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун маалыматында айтылат.
Маалымдалгандай, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында саат 06:49да очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларында - Бор-Дөбө айылынан 15 чакырым түштүк-чыгышта, Сары-Таш айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Ош шаарынан 135 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бор-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.
"Ошондой эле саат 07:28де кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында - Бедел айылынан 38 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 85 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол шаарынан 145 чакырым түштүктө жайгашкан.
Жердин силкинүүсү Кыргызстандын Бедел айылында 2,5 баллга чейин сезилген.