Кыргызстандык балбандар Өзбекстанда өткөн эл аралык мелдештен байгелүү кайтышты

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында өткөн "Uzbek botirlari Grand Prix" эл аралык мелдеште 4 медаль жеңди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ага ылайык, спортчулардын бирөө күмүш жана үчөө коло медаль утту.

Курама команда мелдешке улук машыктыруучу Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышты.

Белгилей кетсек, аталган эл аралык мелдеш ушул жылы 24-26-февраль күндөрү болуп өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан