Бишкекте жеңил атлетика боюнча өлкө биринчилиги өтөт

27-28-февраль күндөрү Б.Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жаңыланган манежинде өспүрүмдөр жана чоңдор арасында жеңил атлетика боюнча өлкө чемпиондугу өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Ага ылайык, өспүрүмдөр арасында 2007-2010 жылы төрөлгөн кыздар жана уландар катышат. Ал эми чоңдор арасында эркектер жана кыз-келиндер катышат.

Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышып, жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Белгилей кетсек, республикалык Биринчилик жана Чемпиондук Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекция жана “Ынтымак” Олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектеби тарабынан уюштурулууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан