Акылбек Түмөнбаев Сооронбай Жээнбековду экс-президент макамынан ажыратууну талап кылды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 28-февралдагы жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев экс-президент Сооронбай Жээнбековду "экс" деген макамынан ажыратуу маселесин көтөрдү.

Түмөнбаев Сооронбай Жээнбеков Бишкек ЖЭБиндеги коррупция, ЖЭБдеги жарылуу, пандемия боюнча жооп бериши керектигин кошумчалап, комиссия түзүүнү сунуштады.

"Сооронбай Жээнбеков президент болгонго чейин губернатор, премьер-министр болду. Ага чейинки президент Алмазбек Атамбаев, Икрам Илмиянов ошол кишини колдоп, жетекчилик кызматке чейин алып келишкен, бирок жоопко тартылган жок. Ушул жерде Сооронбай Жээнбеков партия түзүп берди, канча деген жаштарыбыз кылкылдап көчөдө митингде турганда бир дагы сөз айтпай, бийлигинен ажырады.

Эми экс-президент болуп төрүбүздө, мамлекеттик резиденцияда отурганына мамлекет дагы кызыкдар болушу керек. Президентибиз Садыр Нургожоевич "Кийинкибизге жаман болуп калбасын, ошон үчүн экс кылып калтырдык" деп айтып келет. Жок, андай болбошу керек", - деди Түмөнбаев.

Эске салсак, Жээнбеков бийликке 2017-жылдын ноябрь айында бийликке келип, 2020-жылдын октябрь айында кеткен.

Жогорку Кеңеште Сооронбай Жээнбековду "экс" макамынан ажыратуу маселеси көтөрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан