Москва райондук сотунун судьясы кармалды (фото)

Акча талап кылуу фактысы боюнча Чүй облусунун Москва райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-мартта УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Кабарлангандай, атайын кызмат тарабынан демилгеленген материалдардын алкагында башкы прокурор тарабынан Москва райондук сотунун судьяларына Д.К., К.Э., С.А. жана B.T.га карата "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" "Пара алуу", жана "Пара талап кылуу" боюнча кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, Москва райондук сотунун аппаратынын кызматкерлерин, ошондой эле башка судьяларды соттолуучу адамдардан акча каражаттарын алуу максатында кылмыш ишине тартуу менен судьялар тарабынан уюштурулган туруктуу коррупциялык схема аныкталган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде Москва райондук сотунун судьясы Б.Т., 5-мартта соттун кызматкери К.А. аттуу ортомчудан шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча оң чечим үчүн 1500 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.

Белгиленгендей, кылмыш чөйрөсүнө аралашкан ар бир адам, анын катышуусунун негизинде опузалап алынган жалпы сумманын белгилүү бир үлүшүнө ээ болгон.

Ушул эле күнү Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен судья Б.Т. камакка алынып, УКМКнын тергөө абагына, ал эми ортомчу К.А. Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №1 тергөө абагына киргизилген.

Учурда аларга укуктук баа берүү, ошондой эле ушул сыяктуу кылмыш иштерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан