Нарында прокурор жана тергөөчү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды (фото)

Нарын облусунда пара алып жаткан жеринен прокуратура кызматкери жана ИИМдин тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү жана Нарын облустук прокуратурасынын кызматкери тарабынан кылмыш иши боюнча маселени оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы жөнүндө маалыматтар алынган.

Аталган факты боюнча тиешелүү арыздын негизинде кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту, тактап айтканда ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

5-мартта жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен Нарын облусунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү кармалган.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Нарын облусунун прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору М.С. жана Нарын облусунун ИИБ Тергөө кызматынын тергөөчүсү Э.Н. козголгон кылмыш иши боюнча арыз ээсинин маселесин оң чечкендиги үчүн пара талап кылгандыгы аныкталган.

"Аталган иш боюнча топтолгон далилдердин негизинде көзөмөл органынын кызматкери, ошондой эле ИИМдин кызматкери кармалып, белгиленген мөөнөттө УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Аларга мыйзамда белгиленген мөөнөттө тиешелүү айып тагылып, бөгөт коюу чарасын тандоо маселеси чечилет", - деп билдиришти УКМКдан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан