"Абдыш-Ата" клубу Бишкекте "Тайчунг Футуро" клубун ири эсепте жеңди

Бүгүн, 6-мартта Бишкектеги "Дөлөн Өмүрзаков" атындагы стадиондо канттык "Абдыш-Ата" клубу Кытайлык Тайбэйден келген "Тайчунг Футуро" клубун кабыл алып, атаандашын ири эсепте жеңди.

АФК Кубогунун интерзоналдык финалынын алкагында өткөн оюн 5:0 эсебинде канттык клубдун жеңиши менен аяктады. "Абдыш-Атанын" курамынан голдорду Кайрат Жыргалбек уулу (14'), Эрнист Батырканов (45+1'), Магамед Узденов (84'), Мирбек Акматалиев (86'), Теймур Чарыевдер (89') киргизишти.

Клубдар ортосунда жооптук беттеш 13-мартта Гаосюн шаарында (Кытайлык Тайбэй) өтөт. Аталган жуптун жеңүүчүсү турнирдин интерзоналдык финалына жолдомо алат. 7 жана 14-март күндөрү интерзоналдык жарым финалда ойной турган «Одиша» (Индия) менен «Централ Кост Маринерс» (Австралия) командалары «Абдыш-Атанын» кийинки баскычтагы потенциалдуу атаандаштары болуп эсептелинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан