Кыргызстандын аймагында акыркы сутканын ичинде тогуз өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматтарга караганда, жалынды өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылган.
"Бишкек шаарында – 2, Ош шаарында – 1, Ош облусунда – 2, Чүй облусунда – 2, Ысык-Көл жана Баткен облустарында бирден өрт катталды", - деп айтылат билдирүүдө.
Куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.