Жалал-Абадда баласын төрөп, таштандыга ыргыткан Т.Э. аттуу жаран эки жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу биздин порталга облустук соттун маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жалал-Абад шаардык соту айыпталуучу Т.Э. Кылмыш-жаза кодексинин 37-125-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, эки жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратылды.
Ага ылайык, ал жазасын аялдардын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турганы айтылды.
"Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде, Т.Э. бир жыл пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен чектелген жазаны өтөөдөн бошотулду", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин былтыркы жылы 18-ноябрда Жалал-Абадда таштандыдан ымыркай табылганы айтылган. Милициянын маалыматы боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркай 7 айлык болуп төрөлгөн. Аны 18 жаштагы кыз үйүндөгү душта төрөп, ымыркайды таштандыга таштап кеткени аныкталган.