Бүгүн, 7-мартта Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан "Yaşar Doğu&Vehbi Emre" эл аралык мелдеши башталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, турнирдин биринчи күнүндө грек-рим жана кыз-келиндери күрөшү боюнча таймаштар өтөт. Бүгүнкү мелдеш күнүндө кыргызстандык 9 спортчу килем үстүнө чыгат.
Грек-рим күрөшү:
Улан Муратбек уулу – 55 килограмм;
Автандил Таалайбек уулу – килограмм;
Дастан Кадыров – 63 килограмм;
Адилхан Нурланбеков – 72 килограмм;
Бекзат Орункул уулу – 82 килограмм;
Бексултан Махмудов – 82 килограмм;
Үзүр Жусупбеков – 97 килограмм;
Роман Ким – 130 килограмм.
Кыз-келиндер күрөшү:
Айпери Медет кызы – 76 килограмм.