Орусиянын спорт министрлиги Камила Валиева боюнча чечим кабыл алды

Орусиянын Спорт министрлиги допингге каршы эрежелерди бузгандыгы үчүн дисквалификацияланган фигурист Камила Валиеваны Орусия курама командасына талапкерлердин тизмесинен чыгарды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

17 жаштагы спортчуну улуттук курамадан чыгаруу министрликтин эрежелерине ылайык жүргүзүлгөн.

29-январда спорт Арбитраждык соту Камила Валиеваны төрт жылга спорттон дисквалификациялаган. Буга байланыштуу ал Пекин Олимпиадасынан уткан командалык эсептеги алтын медалынан ажыраган. Олимпиада учурунда Валиеванын допинг-тестинен тыюу салынган триметазидин препараты табылган.

Спортчунун айтымында, бул кокустан болгон, тагыраагы анын денесине тыюу салынган зат чоң атасы десерт катары пайдаланган азыктан кирген. Спорттук арбитраж коньки тебүүчү допингге каршы эреженин бузулушу атайылап эмес экенине толук далил келтирген эмес деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан