57 жаштагы Майк Тайсон кайра рингге кайтат. Анын атаандашы белгилүү болду

Легендарлуу америкалык мушкер Майк Тайсон рингге кайтып келерин жарыялады.

Ал 20-июлда АКШнын Техас штатындагы Арлингтон шаарындагы "AT&T" стадионунда беттешет. 57 жаштагы оор салмактагы мушкердин атаандашы проффесионалдык рингде он беттеш өткөргөн америкалык блогер Жейк Пол болмокчу. Беттеш көргөзмөлүүболобу же профессионалдык беттеш болобу азырынча белгисиз. Эки мушкердин беттеши Netflix платформасында көрсөтүлөт.

Майк Тайсон 2005-жылы карьерасын жыйынтыктаган. Ал оор салмактагы WBA, IBF жана WBC дүйнө чемпиону болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан