Кыргыз балбаны Айпери Медет кызы Түркиядагы эл аралык Yasar Dogu&Vehbe Emre турниринде алтын медаль утту.
Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинкилер арасында күч сынашты.
Ал беттешти 1/8 финалдан баштап, япониялык балбан кызды жеңди. Андан соң орусиялык спортчуну 1:4 эсебинде утуп алды.
Ал эми жарым финалда моңголиялык атаандашын артта калтырып, финалда казакстандык Элмира Сыздыкованы жеңип алды.
Антальядагы мелдеш 11-мартка чейин уланат.