ТИМ Тажикстанда тыңчылыкка шектелип кармалган кыргыз жараны тууралуу маалымат берди

Кечээ, 7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Кыргыз жараны Тажикстанда тыңчылыкка шектелип кармалганын айтып чыккан. Ал арада Тышкы иштер министрлиги кармалган жаран тыңчылык беренеси менен соттолгонун билдирди.

ТИМдин маалыматына ылайык, 1988-жылда туулган К.Юлдошев былтыр 20-январда Тажикстандын сот органдары тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин тыңчылык беренеси менен соттолгон.

"Министрлик жана Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги ал кармалган мезгилден тартып азыркы күнгө чейинки процессуалдык иштери, мөөнөтүн өтөп жаткан мекеме жана ал жерде кармоо шарттары жөнүндө толук маалыматка ээ. Ошондой эле К.Юлдошевдин энеси, бир тууганы менен тыгыз байланыш кармап, аларды такай маалымдап турат", - деп айтылат маалыматта.

Аталган жаранды Кыргызстанга которуу маселеси боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткандыгы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан