Түркияда Yaşar Doğu&Vehbi Emre эл аралык мелдеши өтүүдө. Бүгүн, 8-мартта турнирдин экинчи күнү өтүп, кыргызстандык 12 спортчу таймашка чыгат. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында жарыяланды.
Грек-рим күрөшү:
- Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм)
- Раззак Бейшекеев, Тынарбек Шаршенбеков, Амантур Исмаилов (67 килограмм)
- Акжол Махмудов (77 килограмм)
- Мелис Айтбеков, Азат Салидинов, Атабек Азисбеков, Асан Жанышов (87 килограмм)
Кыз-келиндер күрөшү:
- Кальмира Билимбек кызы (59 килограмм)
- Айсулуу Тыныбекова (62 килограмм)
- Нурзат Нуртаева (68 килограмм)
Ага ылайык, 7-мартта башталган беттеш 10-мартта жыйынтыкталат.
Мелдештин биринчи күнүндө кыз-келиндер күрөшүнөн Айпери Медет кызы (76 килограмм) алтын, грек-рим күрөшүнөн Үзүр Жусупбеков (97 килограмм) менен Автандил Таалайбек уулу (63 килограмм) коло байге утту.