Белгилүү кыргыз балбаны Акжол Махмудов Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан "Яшар Догу" эл аралык турниринде экинич атаандашына жеңилип калды.
Мелдешке 77 килограмм салмакта катышкан Акжол Махмудов алгачкы жүрүшүн 1/16 финалда баштаган. Анда ал түркиялык Сельчук Аккоюн аттуу балбанды 5:1 эсебинде жеңип, 1/8 финалда дагы бир түркиялык Юксел Сарычечек аттуу балбанга 1:5 эсебинде жеңилип калды.
Акжол Махмудов күрөшүп жаткан маалда залда кыргыз балбанына белгилүү өзбекстандык балбан, 3 жолку Азия чемпиону Рустам Ассакалов ордунан туруп алып күйөрмандык кылып турду.