Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан "Яшар Догу" эл аралык турниринде массалык мушташ чыкты.
77 килограмм салмакта 1/4 финалда күрөшүп жаткан түркиялык Юксел Сарычечек менен ирандык балбан килем үстүндө мушташып кетишти.
Мушташка капталда турган балбандардын өкүлдөрү дагы аралашып, массалык мушташ чыгып кетти.
Жыйынтыгында калыстар жаңжалды токтотуп, эки балбанды тең дисквалификация кылды.
Белгилей кетсек, дал ушул массалык мушташка катышкан түрк балбаны 1/8 финалда кыргыз балбаны Акжол Махмудовду 5:1 эсебинде утуп алган.