Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча "Яшар Догу" эл аралык турниринде эркин күрөш боюнча чүчү кулак болуп өттү.
70 килограмм салмакта аталган турнирге эки кыргыз балбаны, тагыраагы Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов барган. Чүчү кулактын жыйынтыгында эки балбан биринчи беттешинде эле бири-бири менен күрөшмөй болду.
Кыргыз балбандары 1/8 финалда күрөшөт.
Эрназар Акматалиев менен Алибек Осмонов быйылкы өлкө чемпиондугунун финалында кез келген. Анда Эрназар Акматалиев жеңишке жетип, өлкө чемпиону аталган.