Чолпон-Атадагы тоодо төрт бала дайынсыз жоголгон. Алар түн ичинде табылды

Чолпон-Ата шаарындагы тоого чыгып андан кийин дайынсыз жоголгон төрт абал табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кечээ, 8-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында тоого 4 бала чыгып, акыркы жолу саат 18:00дө байланышка чыккан бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

11 жаштагы үч бала жана 16 жаштагы бир баланы издөөдө жетүү кыйын аймак болгондуктан, ИИМдин кызматкерлери көмөк көрсөтүү боюнча кайрылышкан.
Издөө ишин жүргүзүүгө ӨКМдин Ысык-Көл райондук №31 ӨКБдан Авариялык куткаруу унаасы менен 3 куткаруучу, ИИМден 4 кызматкер жана туугандарынан 3 адам тартылган.
Натыйжада куткаруучулар тарабынан түнкү саат 00:10до жогорудагы 4 бала аман-эсен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди. Өз кезегинде балдардын ата-энелери милиция кызматкерлери менен куткаруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан