Жалал-Абадда жигит кортежде кетип баратып асманга ок атты (видео)

Жалал-Абадда той кортежи учурунда унаадан чыгып алып асманга ок аткан жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, анын видеосу социалдык тармактарга тараган. Видео тасма Жалал-Абад облусунун аймагында болгондугу аныкталып ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжада Жалал-Абад облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган О.Ж. аттуу жаран кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Сузак районунун РИИБинин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Ал эми унаанын айдоочусуна автоээнбаштык кылгандыгы үчүн 15 миң сом өлчөмүндө айып салынып, унаасы айып короо жайына токтотулду.

Жалал-Абадда кортеж учурунда асманга ок аткан жигит кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан