Ошто баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 9 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Баңгизатты контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын отставкадагы полковниги кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта Ички иштер министрлигинен кабарлады.
Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Баңгизаттарды контролдоо кызматынын мурдагы кызматкери 1963-жылы туулган Р.Х. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
"Кыргызстандын укук коргоо органдарынан 10 жылдай жашырынып жүргөн шектүү 2015-жылдан бери баңгизат ташыгандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн", - деп айтылат маалыматта.