Бишкекте бир катар уурулук жасаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 20-февралда Биринчи май РИИБине Э.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар ошол эле күнү саат 19:10 чамасында Бурдинский көчөсүндөгү үйүнө терезеден киришип, 2 миң долларын жана зергер буюмдарын уурдап кетишкенин айткан. Уурулар жалпысынан 650 миң сомдук материалдык зыян келтирген.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
"Кармалган шектүүлөр ушул сыяктуу кылмыштарды жасагандыгы үчүн бир нече жолу соттолгон 1992-жылы туулган А.Р. жана С.Б. экендиги аныкталган.
Биринчи май райондук соту шектүүлөргө карата Бишкек шаарындагы №1 Тергөө абагына эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандаган",-деп айтылат маалыматта.
Алардын биринин туруктуу жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, мурда кылмыш жолу менен алынган буюмдар табылган. Мындан тышкары шектүүлөрдүн ушул сыяктуу 7 кылмышты жасоого тиешеси бар экендиги аныкталган.
Учурда тергөө иштери уланууда.