Мурдагы депутат Жаныбек Бакчиев камактан бошотулду

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Бакчиев ден соолугуна байланыштуу камактан бошотулду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Биринчи Май райондук сотунан билдиришти.

Билдиргендей, райондук сот 14-марттагы чечими менен УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүч катын канааттандырып, Бакчиевге карата буга чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын өзгөрткөн. Ал эч жакка чыкпоо тил каты менен камактан бошотулган.

Эске салсак, мурдагы депутат 2023-жылдын октябрь айында кармалган, бирок бул ноябрдын ортосунда гана белгилүү болгон. Ал Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча айыпталып, кармалган.

Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан