Бишкекте “Нооруз-2024” турниринин алкагында көк бөрү оюндары башталды

Бишкекте “Ак-Кула” ат майданында көк бөрү оюну боюнча “Нооруз-2024” республикалык мелдешинин алкагында Жогорку, Биринчи жана Ардагерлер лигасынын оюндары башталды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Ага ылайык, ачылыш аземге департаменттин директору Айбек Абдымомунов, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын кызматкерлери, Көк бөрү федерациясынын өкүлдөрү, спортчулар жана күйөрмандар катышты.
"Мелдештер төрт лигага бөлүнүп өтүүдө. Алар:
- Жогорку лига (6 команда);
- Биринчи лига (12 команда);
- Экинчи лига (16 команда);
- Ардагерлер лигасы (6 команда).
Турнирдин алгачкы күнү, 12-мартта экинчи лиганын оюндары менен башталды. Анда 16 команда төрт тайпага бөлүнүп, оюн көрсөтүштү"- деп жазылат анда.
15-марттан тарта Жогорку, Биринчи жана Ардагерлер лигасынын оюндары башталды. Ал эми финалдык оюндар 21-март күнү Бишкектин чет жагында салынып жаткан жаңы ипподромдо өтөрү айтылат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан