Блогер Бегимай Ивакова: "Биринчи кадамды кайнене кылышы керек"

SUPER.KG порталынын бул жолку коногу белгилүү блогер Бегимай Ивакова болду.

Ал социалдык тармактагы баракчасында көпчүлүк учурда кайнене-келин мамилесин чагылдырып келет. Блогер жашоосунда кайненеси менен болгон мамилесин айтып, ачык маек куруп берди.

"Ар бир жаңы турмушка чыккан кыз жаңы бүлөгө, жаңы чөйрөгө келгенде көнүшө албай, башкача бир абалда болот. Мындай учурда кайнене биринчи кадам кылышы керек. Ал кучак жайып, мээрим төгүп тосуп алып өз кызындай көрсө, келин деле баш ийип берет", - дейт Ивакова.

Ошондой эле ал жакында эле уулдуу болгонун айтып, кош бойлуу кезинде көптөгөн кыйынчылыктардан өтүшкөнүн кошумчалады.

Кененирээк SUPER.KG порталынын YouTube каналынан көрүңүздөр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан