Чүйдө эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, былтыр май айында Өзбекстандын укук коргоо органдары Р. Ш. атуу жаранды Кылмыш-жаза кодексинин 168 - беренесинин 2-бөлүгү (Ири өлчөмдөгү алдамчылык) боюнча издөө жарыялаган.
Шектүү бүгүн, 18-мартта жүзүнөн таануу боюнча коомдук жайларга орнотулган видео байкоо камераларынын жардамы менен кармалган.
Ошондой эле маалыматта ал Чүй облусунун аймагынан кармалып, тиешелүү кызматтарга өткөрүлүп берилгени айтылат.