Баткенде мурда бир нече жолу соттолгон жаран унаа уурдай качып кармалды. Бул тууралуу бүгүн 18-мартта облустук милициядан билодирди.
Маалыматка ылайык, милицияга 17-мартта Кадамжай районунун Жеңиш айылынын тургуну унаа оңдоочу жайда токтоп турган жеринен “Деу-Тико” үлгүсүндөгү унааны белгисиз адам айдап кетип калгандыгын билдирип, арыз менен кайрылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдап качуу) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Исхак-Полотхан аймагында жүрүп жаткан “Укук, тартип” иш-чарасынын алкагында, Чекелик айылынын 50 жаштагы Ш.И. аттуу тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө кармалган жаран Орусияда да кылмыш жасап издөөдө экендиги аныкталды.
Учурда тергөө амалдары уланууда.