Ноокенде токой фондунун жери жеке менчикке мыйзамсыз берилгени аныкталды

Ноокенде токой фондунун жерин мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүп берген кызмат адамдарына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Билдиргендей, Ноокен райондук прокуратурасы Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин Ноокен филиалында текшерүү жүргүзгөн.
Текшерүүдө Жер ресурстар кызматынын Ноокен филиалынын жооптуу кызмат адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, пайда көрүү максатында Тоскоол-Ата токой чарбасына караштуу мамлекеттик токой фондунун 0,15 гектар жер тилкесин К.К. аттуу жаранга жеке менчикке өткөрүшүп, ага менчик укугу тууралуу мамлекеттик актысын даярдап беришкендиги аныкталган.
Натыйжада жогорудагы кызмат адамдарынын кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекетке 2 миллион 63 миң 35 сом материалдык зыян келтирилген.
Аталган факты боюнча райондук прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесине (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) ылайык кылмыш ишин козгоп, андан ары тергөө жүргүзүү үчүн кылмыш ишин Ноокен РИИБине өткөрүп берген.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан