Сузакта кошунасын бычактап, качып бараткан жаран чек арадан кармалды

Сузакта адам өлтүрүүгө аракет кылганга шектелген жаран чек арадан кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Сузак районунун тургуну 14-мартта саат 20:00 чамасында 47 жаштагы кошунасын "сүйлөшүп алалы" деп көчөгө чакырып чыккан. Андан соң шектүү пикир келишпестиктен улам жабырлануучуну бычактап, окуя болгон жерден кетип калган. Натыйжада кошунасы денесинен оор жаракат алып, райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесине (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү делген Ырыс айыл аймагынын тургуну 1982-жылы туулган Р.З. Ош облусунун аймагынан коңшу өлкөгө өтүүгө аракет кылып жаткан учурда кармалган. Анын баш коргоо чарасы Сузак райондук сотунда каралып, 2 айга камакка алынды.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан