Бүгүн, 19-мартта Кытайдын аймагында катталган жер титирөө Кыргызстанда сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдирди.
Маалыматка ылайык, эртең менен саат 08:38де Кытайдын аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Ал эми Ош облусунун Эркеч-Там жана Нура айылдарында жер титирөөнүн күчү 2,5 баллга чейин сезилген.