Чүйдө мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке өттү

Ысык-Ата районунда мечит катары пайдаланылып келген мурдагы мектептин имараты мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Жүргүзүлгөн текшерүүдө Кант райондук мамлекеттик администрациясынын (азыркы Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясы) жана Бирдик айыл өкмөтүнүн кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында, аталган айылдагы мурдагы мектептин имараты жана анын жер тилкеси окуу-тарбия иштерине байланышпаган башка максаттарда, тагыраагы мечит катары пайдалануу үчүн айрым жарандардын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында, райондук прокуратура тарабынан Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясына ченемдик укуктук актыларын бузууларды четтетүү жөнүндө талап киргизилип, аны кароонун натыйжасында Бирдик айылындагы 22 миллион 84 миң сомго бааланган мектептин имараты жана 709 чарчы метр жер тилкеси билим берүү максатында пайдалануу үчүн мамлекеттин менчигине кайтарылды", - деп билдиришти прокуратурадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан